РУХАНИЙ САПАТТАР (#15429)

Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн ширин агындарынан мага даам сыздыр, о, айланайын Кудайым, Сенин болмуш дарагыңдын жемиштеринен даам татууга уруксат бер, о, Yмүтүм менин! Сенин сүйүүңдүн мөлтүрөгөн булактарынан чаңкоомду кандыр о, менин Даңкым; Өзүңдүн түбөлүктүү жазмышыңдын көлөкөсүнөн орун алууга мүмкүндүк бер, о, Жарыгым менин! Сага жакындыктын көк жайыгында жайбаракат серүүндөп жүрүүгө ракым эт, о, менин Сүйүктүүм, жана Сенин кайрымдуулук тагыңдын оң жак босогосунда отурууга уруксат бер, о, Эңсөөм менин! Сенин кубанычыңдын жыпар жыттуу шамалы мени желписин, о, Максатым менин, Сенин болмушуңдун эң бийик бейишине киргизе көр, о, менин Кадырманым!
Сенин болмушуңдун көгүчкөнүнүн обондоруна кулак төшөйүн, о Кереметтүү, жана Өз күчүң менен кудуретиңдин руху аркылуу мени тирилт, о менин Камкорчум!  Өз сүйүүңдүн рухунда мени бекемде, о, менин Коргоочум, ошондой эле, Сенин ырайымыңдын жолунда менин кадамдарымды чыңда, о, менин Жаратуучум! Сенин өлбөстүк багыңда, Сенин ажарыңа карап кылымдар бою өмүр сүрүүгө уруксат эт, о мага Ырайым Кылуучу жана Сенин даңкыңдын тактысына мени бекемде, о мага Ээлик Кылуучу! Өзүңдүн назик камкордугуңдун асманына карай мени көтөр, о мени Тирилтүүчү жана Сенин жетекчилик жарыгыңа карай мени багытта, о мени Ашык Кылуучу! Сенин көрүнбөс рухуңдун Ачылышы алдына мени чакыр, о менин Кайнар Көзүм, эң бийик Умтулуум! Өзүң ачыктаган Сенин сулуулугуңдун жыпар жыттанган маңызына менин кайтып баруума көмөктөш, о, нак Кудайдын Өзү! 
Эмнени кааласаң, ошону жасоо Сенин эркиң. Сен, акыйкатта, эң Бийиксиң, бардыгынан Даңктуусуң, бардыгынан Улуксуң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15430)

Мага таза жүрөк жарата көр, о менин Кудайым жана таза абийир бер, о, Үмүтүм менин! Сенин рухуңдун күч-кубаты менен мени бекемде, о Сүйүктүүм менин; Сенин даңкыңдын жарыгы менен Өз жолуңду мага көрсөт, о Сен, менин умтулууларымдын Максаты! Сенин ыйыктыгыңдын Асманына карай, жеңилбес кубатыңдын күчү менен мени көкөлөт, о менин тирлигимдин Башаты! Сенин түбөлүктүүлүгүңдүн желаргысы менен мени кубант, о менин Кудайым!
Сенин түбөлүктүү обондоруң мага бейпилчилик тартууласын, о, Шеригим менин,  Сенин байыркы ажарыңдын кенчи мени Сенден бөлөк башка бардык нерселерден калкалап турсун, о Төрөм менин жана Сенин түбөлүктүү маңызыңдын ачылышы туурасындагы жагымдуу кабар мага кубаныч алып келсин, о, аныктардын Аныгы, касиеттүүлөрдүн  Касиеттүүсү!

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15431)

О, Кудай, айланайын Кудайым! Башыма адилеттик таажысын кийгиз, ал эми маңдайымды калыстыктын үлгүсү менен кооздо. Сен, акыйкатта, бардык белектердин жана марттыктын Ээсисиң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15432)

Ал Ырайымдуу жана бардыгынан Жоомарт! О, Кудай, менин Кудайым! Сенин чакырыгың мени өзүнө тартты жана Сенин даңкыңдын Калеминин добушу мени ойготту. Сенин ыйык сөздөрүңдүн агымы мени тамшандырып, шыктандыруу шарабың мени шаттыкка бөлөдү. Сенден башканын баарынан баш тартканымды көрүп турасың, о, Теңирим, Сенин белектериңдин учугун кармап, ошондой эле жыргалыңдын кереметтерин сурап жалбарам. Сенин мээримдүүлүгүңдүн түбөлүк толкундары менен жана назик камкордугуң менен ырайымыңдын жарык оту менен суранам - Сага карай мени эмне жакындата турган болсо, ошону мага насип эт жана Сенин кенчиң менен мени байыт. Сөзүм да, калемим да, менин бар болгон турпатым Сенин кудуретиңе, Сенин күчүңө, Сенин изгилигиңе, Жоомартыгыңа жана Өзүңдөн башка Кудуреттүү, Күчтүү Кудай жок экенине күбө.
О, Кудайым, ушул саатта өзүмдүн жардамсыздыгыма жана Сенин жогорку бийлигиңе, өзүмдүн алсыздыгыма жана Сенин күчүңө күбө өтөм. Мага эмне пайдалуу, эмне зыян экенин мен билбейм; Сен, акыйкатта, бардыгын Билүүчүсүң, бардыгынан Акылмансың. 
О, Теңир, менин Кудайым жана менин Төрөм, Сенин түбөлүктүү буйругуңа ыраазы болуп, ар бир ааламыңда гүлдөп-өсүүнү мага буюра көр. Сен, акыйкатта, Ырайымдуусуң, Жоомартсың. 
О Теңир! Сенин байлыгыңдын мухитинен жана ырайымыңдын асманынан мени алыстата көрбө, бул дүйнө менен о дүйнөнүн жыргалын бере көр. Акыйкатта, Сен ырайымдуулук тагынын Өкүмдарысың, көктү мекендеген Падышасың; Жалгыз, баардыгын Билүүчү, бардыгынан Акылман,  Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15433)

О, Теңирим! Сенин сулуулугуң - менин азыгым, Сенин жүрөгүмдө бардыгың - менин суусундугум, Сенин эркиң – менин үмүтүм, Сени алкоо - менин кылаар ишим, Сени эскерүү - менин шеригим жана Сенин кудуреттүү үстөмдүгүң - менин колдоочум, Сенин мекен жайың - менин үйүм болсун. Сенден көшөгө менен калкаланып алгандарга коюлган чектөөлөрдөн Өзүң тазарткан жер - менин турагым болсун.
Акыйкатта, Сен эң Кудуреттүүсүң, бардыгынан Даңктуусуң жана бардыгынан Күчтүүсүң.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15434)

Ысымың даңктала берсин, о Теңирим, айланайын Кудайым! Мен Сенин назик ырайымыңдын учугун кармап жана Жоомарттыгыңдын этегине жармашкан пендеңмин. 
Көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык жаратылган нерселерди баш ийдирген Өзүңдүн ысымың менен жана жашоонун өзү болгон демиңдин илеби бардык жаратууларды желбип өткөн ысымың менен Сага жалынам - көк менен жерге тараган Өз бийлигиң менен мени бекемде, ошондой эле ар кандай оору-сыркоо менен кырсыктан сакта. Бардык ысымдардын Теңири экениңе жана эмне кааласаң, ошолордун бардыгын Орундоочу экениңе күбө өтөм. Бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Билерман, бардыгынан Акылман, Сенден башка Кудай жок. 
О, менин Теңирим, Сенин ар бир дүйнөңдө мага пайда алып келе турган нерселерди насип эте көр. Акарат кылгандардын чабуулу, кудайсыздардын каары, Сенин жолуңан адашкандардын кастыгы да Өзүңдөн баш тарттыра албаган Сен жараткандардын арасындагы тандалган жандар үчүн эмнени дайындасаң, ошону мага да тартуула. 
Акыйкатта, Сен Өз өкүмчүлүгүңдүн күчү менен коркунучта Жардамчысың. Акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Күчтүү, Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15435)

Даңкың арта берсин, о, Теңирим, жараткан Аллам! Өз күндөрүңдө мага өмүр берип, сүйүүң менен билимиңе кандырганың үчүн Сага ыраазымын. 
Акылмандыгыңдын ажайып берметтери менен, Өзүңө жакын болгон пенделериңдин жүрөк казынасынан чыккан Сенин сөздөрүң менен, жана көк менен жерди жаркыраткан Өзүңдүн Кайрымдуу деген ысымыңдын Күндүзгү Жылдызы менен жалбарам: Өзүңдүн изгилигиң менен жоомартыгыңа жараша, ажайып жана касиеттүү белектериңди мага ыйгара көр.
Бул күндөр менин өмүрүмдүн башаты, о, Кудайым, анткени Сен аларды Өзүңдүн күндөрүң менен байланыштырдың. Сен мага улуу сыймык тартууладың, Өзүңдүн тандалгандарың үчүн эмнени даярдасаң, аны менден да аяба. 
О, Кудайым, мен бар болгону Өзүңдүн сүйүүңдүн топурагына отургузулуп, жоомарт колуң менен өнүп чыгууга буюрулган бир тоголок данмын. Ошол дан өз маңызынын түпкүрүнөн жалбарып, ырайымдуулугуңдун суулары менен Сенин жыргалдарыңдын мүрөк булагын сурайт. Өзүңдүн назик камкордугуңдун асманынан, Сенин көлөкөңдүн алдында гүлдөп турууга күч-кубат бер деп жалбарат. Сени кабыл алгандардын жүрөгүн Өзүңдүн берекелүү агымың менен жана өмүр булагың менен сугарган бир Өзүңсүң, ааламдардын Теңири, Кудайдын даңкы арта берсин!

-Bahá'u'lláh
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15436)

Өз сүйүүңдүн жана ырайымыңдын толук ченеми менен мени сыйла, о, менин Кудайым, Өзүңдүн ажайып жарыгыңдын сыйкыры менен биздин жүрөктөрүбүздү шыктандыр, о, эң жогорку Күбөлүк, бардыгынан Даңктуу. Ырайымыңдын белгиси катары, күндүз да, кечте да Өзүңдүн өмүр желаргыңды мага жөнөт, о, жоомарттыктын Теңири.
Сенин ажарыңды көрүүгө арзыган эч бир иш жасаганым жок, о, менин Кудайым, ошондой эле, мен анык билем, эгер мен дүйнө канча жашаса, ошончо жашаган болсом да, андай ырайымга татыктуу иш жасай алмак эмесмин, анткени Өзүңдүн жоомарттыгың мага түшпөсө, ырайымың мага төгүлбөсө жана назик камкордугуң мени кучагына албаса, кулуң болгон пендеңе Се¬нин касиеттүү сарайыңа кирүүгө жол жабык. 
Бардык мактоолор Өзүңө болсун, о, Жараткан, Сенден башка Кудай жок. Өз ырайымың менен Сага көтөрүүлүгө уруксат бер, Өзүңө жакын болуу урматын тартуула жана жалгыз Өзүң менен баарлашуу сыймыгын мага ыраа көр. Сенден башка Кудай жок.
Акыйкатта, пендеңе салават түшүрүүнү кааласаң, анын жүрөгүнөн Өзүңдү эскерүүдөн башка бардык каалоо жана умтулууларды жок кыласың; ал эми Сенин ажарыңдын алдында өз колдору менен жасаган адилетсиздиги үчүн пендеңе азап - кайгы жөнөтүүнү чечсең, аны бул дүйнөнүн жана келечек дүйнөнүн жыргалчылыктарын берип сынайсың, ал пендең көр тирлик менен жүрүп, Өзүңдү эске алууну такыр унутат.

-The Báb
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15437)

О, Кудайым! Менин рухумду сергит жана шаттандыр. Жүрөгүмдү тазарт. Күчүмдү жалындат. Бар болгон ишимди Сенин колуңа ишенип тапшырдым. Сен менин Жетекчимсиң жана Башкалкамсың. Мен эми санаа чегип, азап тартпайм, шаттанам, бактылуу болом. О, Кудайым!  Мындан ары убайымга түшпөйм жана кайгы-муң тынчымды алышына жол бербейм. Тиричилик түйшүктөрүнө алдырбайм. О, Аллам! Өзүмө караганда сен мага көбүрөөк доссуң. Өзүмдү толугу менен Сага тапшырдым, о, Теңирим!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15438)

О, Теңирим!  О, Жараткан Аллам! Сенин сүйүүңдүн оту менен жандырылган жана ырайымыңдын дарагында алоолонуп жалындаган чырак мына. О, менин Теңирим, Ачылмаңдын Синай тоосунда жагылган отуңдун күчү менен анын табын, ысык илебин жана жалынын чыңда. Сен, акыйкатта, Тастыктоочусуң, Жардамчысың, Кудуреттүүсүң, Жоомартсың, Сүйүүчүсүң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15439)

О, Кудайым! Жараткан Кудайым! Сага жакын болууну самап, жүрөгүндө Сени тапкан нурлуу пендең, Сенин руханий туткунуң мына алдыңда турат! Ал жүзүн Сенин ажарыңа буруп, Сенин жалгыздыгыңды таанып, жалгыздыгыңа табынып жана Сенин ысымың менен элдер арасында үнүн көтөрдү жана ырайымыңдын шар аккан агымына карай адамдарды алып барат, о Жоомарт Теңир! Ал чаңкагандарга Сенин чексиз ырайымыңдын шарабына толтурулган жетекчилигиңдин чөйчөгүнөн даам сыздырды.
О, Теңир, аны дайыма колдоп, Сенин ыйык сырларыңды тааныта көр жана касиеттүү берметтериңди ага төк. Аны Өзүңдүн асмандан түшүрүлгөн колдоо шамалыңа желбиреп турган, мунара башындагы тууң кыл жана туптунук сууларыңдын булагына айлант.
О, менин кечиримдүү Теңирим! Өзүңдүн мээриң түшкөндөргө бар жаралыштын акыйкатын ачып, бүт жерге жарыгын чачып турган чырактын нуру менен жүрөктөрдү нурландыр. 
Сен, акыйкатта, Кудуреттүүсүң, Өкүмдарсың, Колдоочусуң, Күчтүүсүң, жакшылык Жаратуучусуң!  Акыйкатта, Сен бардык ырайымдуулуктун Теңирисиң!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

РУХАНИЙ САПАТТАР (#15440)

О, Жараткан Алла! Мен Өзүңө ашык болуп суктанган пендеңмин, Сенин Биримдигиңдин дарбазасына момундук менен жакындап келем жана Сенин ырайымыңдын Падышалыгына кайрылам.
О, Кудайым! Толугу менен Сеники болууну насип кыл жана Сен жөнүндө гана ойлоп, Са¬га болгон сүйүүмдүн оту менен жалындап күйүүгө, Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңдүн Ишиңдин урматына эмгектенүүгө, акылмандыгыңды жайылтууга, окууңду таратууга жана Сени таанып-билүүнүн кубанычы менен бөлүшүүгө ракым эт.
О, Кудайым, мен Сенин бийлигиңдин колдору менен жандырылган отмун; сыноолордун шамалынан ал оттун өчүп калуусуна жол бербе. Са¬га болгон сүйүүмдү жана Сенин Жалгыздыгыңдын көркөмүнө суктануумду бекемде. Жалгыздык маңызыңдын Синайында жалындаган отту күчтөнт, Өз ырайымың жана жоомарттыгың менен мага түбөлүктүү өмүр тартуула. Сен Сакчысың, Коргоочусуң, Кайрымдуусуң жана Ырайымдуусуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

